Шахмат ийрими

Бүчүр окуу борборунун шахмат ийримине азыркы тапта 48 окуучу катышат.Алардын ичинен 30 уул бала 18 кыз.
Пайдасы:
• Ийримге катышкан баланын өз алдынча ойлонуу жөндөмдүүлүгү, акыл-эсин өнүктүрүү, так эсептөө, тапкыч жана сезгичтикке, атуулдукка тарбиялайт.
• Адамга пайдасы өтө зор.Баланын алдыга койгон максаты болот,максатына пландаштыруу жолу менен иш аракет кылат,логикалык жактан бардык көз караштары калыптанат жана намыскөйлүккө,тартиптүү, акыл менен жеңүүнүн жолун издеп таап,туура жолун тандап ала алат.
Кантип үйрөтүү жолу:
Шахмат кандай ойнолот? Шахмат оюнун 2 киши ойнойт.
Шахмат тактасында 64 чакмак бар. 32 ак, 32 кара
16 ак 16 кара фигуралар бар
Ал фигуралардын аттары Король, Ферзь,Ладья,Слон, Ат жана пешкалардан турат.
Король – шахматтык партиянын жыйынтыгы байланыштуу болгон башкы шахматтык фигура.
Король- горизанталь, вертикаль боюнча ѳз фигуралары же атаандашынын фигуралары ээлебеген орунга бир чакмакка журѳ алат,ошол эле жол менен жейт, рокировкага да катышы мүмкүн. Оюндун башталашында оюнчулардын ар биринде бирден, актардыкы е1де, каралардыкы – е8де жайгашат. Королдун ѳзгѳчѳлүгү оюндун жүрүшүндѳ алардын саны ѳзгѳрбѳйт ( ар бир оюнчуда бирден гана). Король желбейт жана пешка вертикалдуу жүрүп акырына жетип, королго айлана албайт. Оюндун максаты – королго коргонууга мүмкүнчүлүгү калбагыдай чабуул (мат) уюштуруу.
Ферзь- шахматтагы эң күчтүү фигура, күчү болжол менен тогуз пешкага тете. Ачык тактада горизанталь, вертикаль же диагональ боюнча каалаган сандагы чакмактарга жүрѳ алат, ошол эле жол менен жейт. Оюндун башталышында актардын ферзи d1, каралардыкы – в8де жайгашат.
Ладья- шахматтык оор фигура, күч боюнча болжол менен 5 пешкага тете. Бош тактада горизанталь жана вертикаль боюнча бош чакмактарга каалаган жерине чейин жүрѳ алат, ошол эле жол менен жейт, рокировкага катышы мүмкүн. Оюн башталганда ар бир оюнчуда тактанын бурчтарында жайгашкан экиден ладьясы болот.
Офицер(слон же төө) – шахматтык жеңил фигура күчү боюнча болжол менен 3 пешкага тете. Ачык тактада диогналь боюнча каалаган чакмагына жур¬ө алат, ошол эле жол менен жейт. Оюндун башында ар бир оюнчунун биринчи актар жана сегизинчи каралар горизанталда экиден офицери болот, аттын жанында жайгашат. Ѳзгөчөлүгү белгилүү жана түстөгү чакмактар менен жүрө алат. Ошондуктан офицерлерди түсүнө жараша ак түстүү кара түстүү деп бөлүшөт.
Ат –шахматтык жеңил фигура, күчү болжол менен 3 пешканын күчүнѳ тете. Ат горизонталь боюнча эки чакмак жана вертикаль боюнча бир чакмак секире алат(чакмак менен Г тамгасын элестетет). Болгондо да алдындагы фигураларды аттап, бош турган чакмакка жүрүүгѳ мүмкүнчүлүгү бар, ошол эле жол менен жейт. Аттын ѳзгѳчѳлүгү– дайыма жайгашкан чакмагынын түсүн ѳзгѳртүп турат. Оюн башында аттар биринчи (актар) жана сегизинчи (каралар) горизонталда, ладьялардын жанында жайгашат.
Пешка- шахматтагы эң кичине аскердик бирдик ошол эле мезгилде шахматтык материалды орто эсеп менен үч пешка бир жеңил фигура, ладья – беш пешкага барабар ж.б.) өлчөөнүн базалык бирдиги. Франсуа Филидор пешканы “ шахматтын жаны” деп атаган. Эгерде акыркы чакмакка жетсе каалаган фигурасына айлана алат. Мисалы: Ферзь,Ладья, Слон,Ат.
Шахмат оюуну эмне үчүн керек?
Шахмат жаңы үйрөнчүк балдарга чоң артыкчылыктарды ачат жана аларды жогорку даражага көтөрөт ,балдарды жогорку деңгээлге өркүндөтүүдө көптөгөн психикалык процесстерди кабыл алуу, маани коюу, элестетүү, эс тутум, ойлонуу, жүрүм- турумдун негизги формаларын башкарууда олуттуу таасир берет. Өтө жаш кезинде шахмат ойноо көптөгөн балдарга өз теңтуштарынан артта калууга мүмкүнчүлүк бербейт, өзгөчө айыл жергесинде чыгармачылыкка жол ачат. Шахмат өзүнүн табиятында оюн боюнча эле калат, бала жаңы үйрөнө баштаганда оюн катары эле сезет, азыр шахмат профессионалдык спорт оюну. Ошондуктан инсандык сапатын өнүктүрүүдө шахмат оюну аркылуу аткарылат. Спорт адамдын коомчулукта зарыл болгон жана керектүү сапаттарын өстүрүп чыгарат: көтөрүмдүүлүк, чыдамкайлык, максатка умтулуу, эрк, маани берүүчүлүк касиети, эсепчил, эр жүрөк, бат жана туура чечим чыгара билүү ж.б. Шахмат- ошондой эле илимдин тармактары, чыгармачылыкты айкалыштыруу, окуучуларды ушул сыпаттарды эффективдүү эсептөөдө башка спорт түрүнө караганда чоң жардам берет. Ушул сапаттарды формалдаштырууда мотивация берүүдө, анткени утулууда жана андан алган сабактары баланын өзүнүн мүнөзүндөгү касиеттерди аныктап берет.
Кандай болгон күндө да шахмат оюну адамзаттын өнүгүү тарыхындагы ойлоп тапкан эң ажайып оюндарынын бири. Нечен кылымдарды арытып, оюн өз казынасын улам байытуудан байуутуда. Жер жүзүндө миллиондогон адамдар сыйкырдуу оюнга арбалып, анын ачыла элек сырына суктанышат. Кылым карыткан чемпиондукта таажы талашуу мелдештери улам бир жаңы ысымды атап, шахмат Олимпине жаңы таланттын жылдызын жандырууда.